Марал Радиосу

«БШКнын ар бир талапкердин документин текшерүүгө мүмкүнчүлүгү жок»

Мамлекеттик, муниципалдык кызматта иштегендердин дипломдору чынында текшерилиши керек. Себеби, мамлекетте тартип болушу керек. Мындай пикири менен Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова «Маралдын» эфиринде бөлүштү.

Ал Орозайым Нарматованын дипломуна байланыштуу окуя резонанстуу болгондуктан, Жогорку Кеңешке келгендердин да дипломдорун текшерип чыгуу логикага жатат деген ойдо. Ал эми БШКнын дарегине айтылып жаткан сындарга көп кошулбайт.

«Негизи шайлоо учурунда талапкер өзү БШКга «бул — менин дипломум» деп тапшырып жатат. ЖАМУнун бүт мөөрлөрү турат. Жерине барып, архивдик документтерди кайра карап, ар биринин документин текшерип чыкканга БШКнын мүмкүнчүлүгү деле жок. Негизи мыйзамдын мазмунуна карасак, адам бир жакка официалдуу түрдө документ берип жатканда өзү ошого жоопкерчилигин алат. Кылмыш-жаза кодексинде да ошондой беренелер бар. Адам жасалма документти бере турган болсо, ал үчүн өзү жооп бериши керек», — дейт ал.

Бирок депутат эл үчүн иштегиси келген, идеяларга бай, жан дүйнөсү таза адам болсо, анын жогорку билими бары-жогу анчалык мааниге ээ эмес деген ойдо.