Биз менен байланышыңыз

Дастан Иманалиев АКШнын Кыргызстандагы Соода палатасынын аткаруучу директору болду

Кыска кабар | 21 Янв 2022 | 377 | 0

АКШнын Кыргызстандагы Соода палатасынын аткаруучу директору болуп Дастан Иманалиев дайындалды.

Директорлор кеңеши бир добуштан Иманалиевдин талапкерлигин колдошту.

«Башкармалык бул дайындоону уюмдун өнүгүүсүндөгү оң кадам катары баалайт. Муну менен АКШнын Кыргызстандагы Соода палатасынын башка бизнес-ассоциациялар менен кызматташтыгын бекемдөө, мамлекеттик бийлик органдарында, Жогорку Кеңеште, эл аралык жана коомдук уюмдарда натыйжалуу кызматташууга өбөлгө түзүлөт», — деп белгилейт палата.

Дастан Иманалиев 2017-жылдан 2021-жылга чейин Эл аралык ишкерлер кеңешинде юрист, укуктук колдоо секторунун башчысы, 2020-жылдан тарта аткаруучу директордун орун басары болуп иштеген.

Дастан Иманалиев 2015-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетин эл аралык жана бизнес укугу адистиги боюнча аяктаган. Андан кийин Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы, Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин юристи болгон.

Мамлекеттик мүлк ишканасында төраганын жардамчысы болуп иштеген.

Ал 2021-жылы Doing Business, Дүйнөлүк банк тобунун ыраазычылык сертификатын, 2019-жылы Экономика министрлигинин ыраазычылык сертификатын алган. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM