Биз менен байланышыңыз

Сокулук: Соцфонддун кызматкери пара менен кармалды

Кыска кабар | 21 Янв 2022 | 367 | 0

Чүй облусунун Сокулук райондук Социалдык фонд башкармалыгынын жетектөөчү адиси З.Э.З. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

17-январда Сокулук районунун тургуну Социалдык фонд башкармалыгынын З.Э.З. аттуу кызматкерине акыркы 10 жылда төлөнгөн социалдык чегерүүлөр боюнча көчүрмө алууга кайрылган. Кызматкер буга чейинки социалдык чегерүүлөр боюнча маалымат менен таанышып чыгып, анда айрым бир мыйзам бузуулар бар экенин, акча берсе, маселесин оң жакка чечип берерин айткан.

Азыркы учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

Иш Кылмыш-жазык кодексинин 343-беренеси (опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM