Марал Радиосу

Ганадагы жарылуудан 17 адам каза болду

Бүгүн, 20-январда Африкадагы Гана республикасынын батыш аймагында жүк ташуучу унаа жарылып, кеминде 17 адам каза тапты. Бул кабарды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү таратканын Ghana Web порталы жазды.

Жарылуу кен казуу үчүн жардыргыч зат ташыган унаанын мотоцикл менен кагышынан чыкканы белгилүү болгон.

Кырсыктан аймактагы үйлөр, мекемелердин имараттары жарым-жартылай кыйраган.

«Франс Пресс» агенттиги 60ка жакын адам жаракат алып, ооруканага жаткырылганын маалымдады.