Биз менен байланышыңыз

Самат Исабеков кайрадан бажы кызматынын төрагасы болду

Кыска кабар | 20 Янв 2022 | 757 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Мамлекеттик бажы кызматынын жамаатына жаңы төрага Самат Исабековду тааныштырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы жетекчисине чоң жоопкерчилик көрсөтүлүүдө, аны актоо зарыл.

Самат Исабеков бул кызматка министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун буйругу менен дайындалган.

17-январь күнү УКМК Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековду коррупцияга шектеп кармаган. Ал бул кызматка өткөн жылдын 27-октябрында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун сунушу менен дайындалган болчу. 19-январда Адилет Кубанычбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына эки айга камалды.

Мамлекеттик бажы кызматын Адилет Кубанычбековго чейин Самат Исабеков жетектеген. Ал бажы тармагында 1996-жылдан бери иштеп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM