Марал Радиосу

Кыргызстандык Вероника Бернацкая Азия Кубогунда калыстык кылат

Кыргызстандык калыс Вероника Бернацкая кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча Азия Кубогунун оюндарында калыстык кылат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.

Кубоктун финалдык этабы 20-январдан 6-февралга чейин Индияда өтөт. Жалпысынан кубок үчүн 12 курама команда ат салышат.

Футбол бирикмеси буга чейин Кыргызстандан Рамина Цойдун турнирде калыстык кылууга дайындалганын белгилеген. Оюндарды эмне себептен Бернацкая тейлей турганы айтылган эмес.