Марал Радиосу

Asia Mall соода борборуна бомба коюлганы тууралуу жагдай текшерилип жатат

Бүгүн, 20-январда күндүзгү саат 15:30 чамасында Бишкектеги Asia Mall соода борборунун имаратына бомба коюлгандыгы  тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя болгон жерде тергөө-ыкчам тобу, ошондой эле райондук милициянын жетекчилиги иш алып барууда.

Милиция жардыргыч зат тууралуу маалыматты тактап жатат. Аймакты курчоого алган. Мындан сырткары соода борборуна УКМКнын кызматкерлери да барышкан.

Милиция кийинчерээк толук маалымат берилерин билдирди.