Биз менен байланышыңыз

Илья Терентьевдин үйү жаңыланат

Кыска кабар | 20 Янв 2022 | 409 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Кычан Жакыпов паркындагы Илья Терентьевдин үйүнүн аймагында «Кыргыз реставрация» илим-изилдөө долбоорлоо институтунун жетекчиси Жумамедель Жумабаев, «Дордой» ассоциациясынын өкүлдөрү жана тиешелүү адистер менен көчмө жыйын өткөрдү.

Анда Илья Терентьевдин жашаган үйүн калыбына келтирүү боюнча даярдалган долбоор сунушталды. Турак жай, кийин административдик мекеме катары колдонулуп келген имарат кароосуз калган.

Толук оңдоп-түзөө иштери бүткөн соң, ал кандай багытта колдонулары кийинчирээк айтылат. «Дордой» ассоцияциясынын жетекчилигинин маалыматы боюнча, оңдоо иштери жылдын аягына, болжол менен ноябрь айында бүтүрүү пландалууда.

Илья Терентьевдин үйү XIX – XX кылымдагы Бишкек шаарындагы маанилүү жана тарыхый объектилердин бири болуп саналат.

Ал тарыхый-маданий эстеликтердин мамлекеттик тизмесине киргизилген. Учурда ал жайгашкан парк да зыянга учураган.

Министрликтин алдындагы «Кыргызреставрация» илим-изилдөө жана долбоорлоо институту оңдоп- түзөө иштерине болжол менен 11 млн сом керектелерин билдирди. Оңдоо иштери «Дордой» ассоцияциясы тарабынан жүргүзүлөт.

Илья Федотович Терентьев 1848-жылы Ижевскиде устанын үй-бүлөсүндө туулган. XIX кылымдын аягында үй-бүлөсү менен бирге Бишкекке көчүп келген. 1895-жылы Терентьев Пишпек шаарынын биринчи старостасы болуп  шайланган.

Анын ишмердүүлүгү учурунда биринчи оорукана, дарыкана, китепкана, бир нече мектеп жана гимназиялар, жеке темир устаканалары, наабайканалар, соода дүкөндөрү ачылган.

Анын жетекчилиги астында 1897-жылы шаардын калкын биринчи эл каттоосу  өткөн. Ошондой эле ага караштуу Карагачева токоюнун пайдубалы, Эмен паркы жана Бульвар аллеясы (азыркы Эркиндик бульвары) негизделген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM