Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дагы 4 сомго кымбатташы мүмкүн

Кыска кабар | 20 Янв 2022 | 454 | 0

Кыргызстанда бир айдын ичинде күйүүчү майдын баасы 4 сомго кымбатташы күтүлүүдө. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Мындан тышкары дизель майы 6 сомго чейин көтөрүлүшү болжолдонууда.

Бул Орусиянын мунай иштетүүчү заводдорунда күйүүчү майдын сатуу баасынын жогорулашына байланыштуу болот. Казакстанда болсо ички суроо-талапты камсыздоо үчүн мунай продуктуларын экспорттоого тыюу салынды.

Ассоциациянын маалыматы боюнча, учурда күйүүчү майга болгон баанын өсүшүнүн кошумча факторлору төмөнкүлөр:

— ОПЕК+ өлкөлөрүнүн макулдашуулары боюнча өндүрүш көлөмүнүн төмөндөшү;

— акыркы эки жылдагы блокададан улам мунай секторуна инвестициянын олуттуу кыскарышы;

— ОПЕК+ өлкөлөрүндөгү геосаясий кырдаал. Казакстандагы нааразылык акциялары темир жол байланыштарын үзүп, өлкөдөгү эң ири Теңиз кениндеги өндүрүшкө зыян келтиргенден кийин баалар 5% өстү.

Ливияда мунай өндүрүү өлкөнүн чыгышындагы мунай куурунун жабылышынан улам кыскарды.

Кыргызстан мунай продуктуларынын 95 пайызын башка өлкөлөрдөн, анын ичинде Орусиядан импорттойт.

Copyright © 2017 Maral FM