Таабалды Тиллаев Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 19-январда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Бүгүн министрдин орун басарын жалпы жамаатка министрлер кабинетинин орун басары Азиз Алиев тааныштырды.
Тиллаев 2015-жылы «Республика –Ата Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттыгына шайланган.
Жогорку билимдүү — 2005-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин «бухгалтердик эсеп жана аудит» адистигинде аяктаган.
Эмгек жолун 1995-жылы Бишкек шаарындагы «Датка» жоопкерчилиги чектелген коомунда экспедитор, менеджер болуп иштөө менен баштаган.
1999-2000-жылдары «Торговый дом качества» жабык типтеги акционердик коомунда директордун орун басары;
2001-2003-жылдары Бишкек шаардык каржы башкармалыгынын ички аудит бөлүмүндө жетектөөчү адис;
2003-2007-жылдары Талас, Чүй облустары жана Бишкек шаары боюнча ички аудит бөлүмүндө жетектөөчү адис;
2012-2013-жылдары «КыргызНефтьПром» жоопкерчилиги чектелген коомунда аткаруучу директор;
2013-2014-жылдары «ГлавНефтеГаз» жабык акционердик коомунда башкы директор кызматтарын аркалаган.