Марат Өскөмбаев Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 19-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Бүгүн министрдин орун басары жалпы жамаатка тааныштырылды.
Марат Өскөмбаев 35 жашта. Ал Финансы министрлигинде 2007-жылдан бери ар кандай кызматтарда иштеген.