Биз менен байланышыңыз

Бардык мамлекеттик кызматкерлердин дипломдору текшерилет

Кыска кабар | 20 Янв 2022 | 2216 | 0

Мамлекеттик кызматкерлердин баарынын диплому текшерилет. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта акыркы жылдары жасалма дипломдор менен мамлекеттик кызматка өтүү фактылары көбөйгөнү айтылат.

«Мындай фактылар коомдо активдүү талкууга айланып, мамлекеттик кызматка көлөкө түшүрүп, мамлекеттик башкаруу системасын дискредитациялап, айрым ведомстволордун да, жалпы мамлекеттик аппараттын да ишинин оң натыйжаларын терс жагынан көрсөтүп коюуда. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров УКМКга бардык мамлекеттик кызматкерлердин арасында билими тууралуу жасалма диплом, күбөлүк жана сертификаттардын болушу жана колдонулушу боюнча масштабдуу текшерүү жүргүзүүнү тапшырды», — деп айтылат маалыматта.

Текшерүү 24-январда башталып, 3 айга созулат. Анда айыл аймактан тарта Президенттин администрациясына, Жогорку Кеңештин же жергиликтүү кеңештердин депутаттарына, сот, укук коргоо органдарына чейинки бардык мамлекеттик, муниципалдык, саясий кызматкерлердин дипломдору кароодон өткөрүлөт.

Эгер мамлекеттик кызматка кирүү жана кызматтык тепкичке көтөрүлүү үчүн жасалма документтерди колдонуу боюнча тиешелүү фактылар аныктала турган болсо, кылмыш-жаза жоопкерчилигине чейин тартуу каралат.

Текшерүү аяктагандан кийин коомчулукка маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM