Биз менен байланышыңыз

Жапаров: 1-апрелден тарта мамлекет толугу менен электрондук документке өтөт

Кыска кабар | 20 Янв 2022 | 1206 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдарда, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүндө, райондук администрацияларда, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларында автоматташтырылган маалыматтык системаларды ишке киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө аймактар жана айыл өкмөттөр боюнча Infodocs, e-kyzmat, «Санарип аймагы» маалыматтык системаларды ишке киргизүүдө келип чыккан көйгөйлөр талкууланды.

«Эң төмөнкү көрсөткүчтөр Чүй облусунда байкалууда. 105 айыл өкмөттүн ичинен 31 айыл өкмөтү электрондук документ жүгүртүү системасына кошулган эмес. 1-марттан тарта Президенттин администрациясы кагаз түрүндөгү документтерди кабыл алууну токтотуп, 1-апрелден тарта бардык мамлекеттик органдар толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өтөт. Тездетүү керек, бул — учурдун талабы. Коңшу мамлекеттер электрондук документ жүгүртүүгө өткөн, ал эми биз аны жасай албай жатабыз», — деди Жапаров.

Ал кошумчалагандай, 2022-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнөн баштап, айыл өкмөттөрүнө чейин электрондук документ жүгүртүү жана калкка электрондук тейлөө көрсөтүү системасын билүүсүнө карай аттестация жүрөт.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча Акылбек Жапаров электрондук документ жүгүртүүгө өтүү жана калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү боюнча республиканын аймактарында окуу семинарларын өткөрүү иретинде Президенттин администрациясынын, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлеринен турган көчмө топторду уюштурууну тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM