Биз менен байланышыңыз

Айбек Маткеримов: «Шыпааканалар» оорукана бойдон калганы дурус

Кыска кабар | 20 Янв 2022 | 956 | 0

Сунуш берүү — ар бир депутаттын жеке пикири. Ооруканаларды шыпаакана деп өзгөртүү боюнча берген сунушуна эчтеке дей албайм. Ошол эле учурда оорукана деп, мурдатан бери эле айтылып келе жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов билдирди.

«Учурда иш кагаздарыбызда оорукана деп айтылып келет. Эгерде оорукана «шыпаакана» болуп өзгөрө турган болсо, көптөгөн экономикалык чыгымдарды алып келет. Менин оюмча, оорукана деп аталганы эл ичинде түшүнүктүү эле. Түшүнүүгө кыйын сөз болгондо, анда маселе көтөрсөк туура болмок деген ойдомун», — деди Маткеримов.

Эске салсак, кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында коронавируска каршы көрүлүп жаткан чаралар боюнча Министрлер кабинетинин маалыматы угулган. Депутат Нуржигит Кадырбеков ооруканалардын аталышын «шыпааканага» өзгөртүү сунушун берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM