Марал Радиосу

Жапаров «Эти Бакыр Терексай» тоо-кен ишканасынын жетекчиси менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Эти Бакыр Терексай» тоо-кен ишканасынын башкы директору Вели Гөкдөрө менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ишкана жетекчиси билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика ишке берилет.

Жолугушууда кыргыз-түрк ишканасынын өндүрүштүк ишмердигинин актуалдуу маселелери, анын ичинде экологиялык талаптардын жана социалдык милдеттенмелердин аткарылышы талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.