Бүгүн, 19-январда «Асман шаарынын салынышына каршы» деп аталган кыймыл жыйын өткөрдү. Ага бир катар жарандык активисттер, коомдук ишмерлер катышып, эки ача ой-пикирлерин билдиришти. Катышуучулардын басымдуу бөлүгү бул долбоор Кыргызстандын экологиясына чоң зыян алып келет деген ойдо. Ошол эле учурда шаардын салынышын колдой тургандар да чыгууда.
2021-жылдын июль айында кыргыз бийлиги 4 миң гектар жерди ээлеген, «Асман» деп аталган экологиялык шаар куруу планын жарыялаган. Бул шаар өлкөнүн экономикалык жана туристтик борбору болору айтылган.
«Асман шаарынын салынышына каршы» кыймылынын мүчөсү Эсен Арстанбекова шаарды салууда эң көп экология маселеси түйшөлтүп жатканын айтат. Ал бул долбоор Кумтөрдүн тагдырын кайталайт деп кооптонот.
«Жер ата-бабабыздан мураска калган. Ошону сактап калышыбыз керек; экологияны сактап калышыбыз керек. Мына азыр көл менен Кумтөр эмне болуп жатат? Мына жаңылыктардан айтып жатат, «көл 15 метр ылдый түшүп кетти» деп. Бул эмненин белгиси? Ал деген — мөңгүлөрдүн жоголуп баратканынын белгиси. 500 миң жашоочусу бар шаар салабыз деп жатат. Куруучулар менен жолуктук. Болгону бир долбоору бар экен. Ошону көтөрүп жүрүшөт. Бул деген — өтө ыпыластык».
Ысык-Көл 2001-жылы ЮНЕСКОнун биосфералык өзгөчө аймактардын планетардык тизмесине кирген. Биосфералык аймактар мамлекеттик деңгээлде өзгөчө корголуучу макамга ээ. Аларды коргоо жана пайдалануу үчүн өзгөчө режим белгиленет.
Табият өзүн толуктап, тазаланып туруучу касиетке ээ. Бирок шаар салына турган болсо, көлдүн булгануу коркунучу бар. 5-10 жылда Ысык-Көл көлчүккө айланат дейт активист Нурбек Ниязов.
«Көл баары бир булганат. Аны заводдо фильтрлегендей эч ким тазалай албайт. Жайында көлгө 1 миллиондон 2 миллионго чейин турист келет. 7-8-айда көл өзүн тазалап, калыбына келет. Эми элестеткиле 460 миң, кайра 500 миң адам жашайт. Бул менен көл эч убакта тазаланбайт. Биз 10 жылга жетпей ууланган көлчүккө ээ болобуз».
Демилгечилер тарабынан аталган шаардын курулушу 20 миллиард долларга бааланган. Курулуш 7-10 жылда аяктайт. Учурда шаарды куруучу «Асман шаары» мамлекеттик дирекциясы экология, электр энергиясы, Күн батереясы, андагы тургундарды жумуш менен камсыздоо сыяктуу маселелер каралып жатканын, документ иштери аяктаары менен курулуш башталарын айтышты.
Жарандык активист Жолдошбек Сыргаков Асман шаарын курууну колдойт. Ал шаар соңку жогорку технология менен курулуп, табиятка эч кандай зыяны тийбесине ишенет.
«Мен шаардын салынышына каршы эмесмин. Ысык-Көлдүн тургундары жумуш менен камсыз болсун. Мисалы, курулуш жүрсө, башкасы болсо, миңдеген адамдар иш менен камсыз болот. Ошонун аркасы менен канчалаган туристтер келет. Анан эгерде канализациясы болсо, анда каршы чыкса болот. Жок нерсеге эле талашып-тартышканыбыз туура эмес. Аракет кылып жатабы, артка тартпай колдошубуз керек».
Долбоордун авторлорунун айтымында, шаар 500 миң тургунга ылайыкталат. Анткен менен ушу тапта Ысык-Көл облусунда жалпы 460 миң гана адам жашайт.
«Санжыра» борборунун директору, профессор Асыкбек Оморов 5 жарым миллиард доллар тышкы карызы бар өлкө жаңы шаарды коё туруп, бар шаарларынын инфраструктурасын өнүктүрсүн деген талабын билдирди.
«Курдуртпоо керек. Эгер андай кургусу келсе, туризмди жайылтууну көздөсө, Караколдун, Чолпон-Атанын, Балыкчынын, керек болсо Тоңдун, нары жагынан Жети-Өгүздүн инфраструктурасын кеңейтсин. Ошол шаарларга туристтер жатканга жай курсун. Ошонун баарын кылса, анан биздеги туризм өнүгөт».
2021-жылдын 24-декабрында ишкер Тимур Файзиев жаңы курула турган «Асман» шаарынын долбоорунун жетекчиси болуп дайындалган. Анын бул долбоорду жетектөөсү коомдо кызуу талкуу жаратты. Себеби Бишкектин Биринчи Май райондук соту Elite House курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевди коррупцияга катыштыгы бар деген шек менен сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок 2021-жылдын июль айында Тимур Файзиевге козголгон кылмыш иши токтотулганын укук коргоо органдары кабарлаган.
Президент Садыр Жапаров 17-январда «Вечерний Бишкек» басылмасына курган маегинде «Асман» шаарын курууга мамлекеттик бюджеттен акча коробосун билдирди. Анын айтымында, шаарга болжол менен 20 миллиард доллардын тегерегинде акча кетет. Ошондуктан ички жана тышкы инвесторлорго жерлер бөлүнүп берилет.