Марал Радиосу

COVID-19: Бир суткада 7 миң 30 адам эмделди

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде COVID-19га каршы 7 миң 30 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Анын ичинен 3 миң 785 адам вакцинанын биринчи дозасын 3 миң 245 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 274 миң 688 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 65 миң 491 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Кыргызстанда эмдөө өнөктүгү былтыр март айында башталган.

Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca, Moderna вакциналары менен эмделип жатат.