Марал Радиосу

«Коррупцияны жоготуу үчүн Кытай менен иштешүү керек»

Коррупцияны такыр жок кыла албайбыз, бирок аны мамлекетке коркунуч алып келбеген деңгээлге түшүрсө болот. Мындай пикирин экономика илимдеринин доктору Гурас Жапаров «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал мамлекеттик бюджетти толтуруунун 2 чоң булагы бар экенин белгиледи: бажы менен салык. Ошондуктан приоритетти туура коюп, казынадан акча бөлүп, бажы тармагын санариптештирүү зарыл. Андан тышкары Кытай менен жакшылап иштешүү керек.

«Бүгүнкү күндө Кытайдан бир посттон 70-80 унаа өтүп жатыптыр. Мурда 100-150-200гө чейин өтчү. Биз Евразия Экономикалык Биримдигинде да барбыз, бажы ошого да байланган. Азыр алардын отчётунун 80-90%ы санариптешип калды. Сырткы чек араларыбызда Кытай менен жакшылап иштешсек деген оюм бар. Кытай — аябай чоң мамлекет. Бажы тармагында Кытайдын тажрыйбасы менен эле иштеп койсок, ал жакта коррупциялык механизмдер болгонун уга элекмин», — дейт ал.

Бажы тармагын санариптештирүү менен мамлекет өзүнөн көп функцияларды алып коюшу керек. Ар бир жүктү текшерүү биринчиден, убакытты алат, экинчиден, бизнесменге тоскоолдук жаратат. Бизнесменге тоскоолдук жаратуунун өзү эле — коррупция. Бажы жөн гана карап турушу керек. Андан тышкары декларацияны толтуруу — коррупциянын туу чокусу. Анткени кружка алып келатып, декларацияга кашык алып келатам деп жазса, ал арзаныраак түшөт. Ошон үчүн Кытай менен жакшыраак иштешсе, коррупция батыраак  жоголот.