Марал Радиосу

Антониу Гутерриш Ангела Меркелге БУУдан кызмат сунуштады

Бириккен Улуттар Уюмунун башкатчысы Антониу Гутерриш Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркелди бүткүл адамзатка пайда алып келе турган коомдук товарлар боюнча кеңеш берүүчү жогорку органга төрагалык кылууга чакырды. Бул тууралуу БУУдагы өздүк булактары билдиргенин DPA басылмасы жазды.

Сайт берген маалыматка караганда, Гутерриш Меркелге кызмат сунуштап кат жазган. Меркелдин буга кандай жооп бергени азырынча белгисиз бойдон калууда.

Эске салсак, өткөн жылдын декабрь айында Меркель Германиянын канцлери кызматынан расмий түрдө кетип, ордуна Олаф Шольц дайындалган.