Марал Радиосу

Байсалов: Имановго президент баш болуп жоопкерчилигин алабыз

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна президент Садыр Жапаров сунуштаган Талант Имановдун талапкерлиги каралууда.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Надира Нарматова: «Жооптуу кызматта министрдин жоопкерчилигин ким алат?» деген суроо салды.

Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов төмөнкүдөй жооп кайтарды:

«Албетте, азыркы талапкерди толугу менен президент Садыр Жапаров баш болуп, Министрлер кабинетинин жалпы жамааты жоопкерчилигин алабыз. Ар кандай колдоо жана жетектөө жүргүзөбүз. Бул кишиге толук ишеним көрсөтүп жаткандан кийин, жоопкерчилигин да чогуу тартабыз», — деди Байсалов.