Марал Радиосу

АКШнын Бронкс шаарындагы көп кабаттуу үйдө жарылуу болду

АКШнын Бронкс шаарындагы турак жайда болгон жарылуудан бир адам каза таап, тогуз адам, анын ичинде беш полиция кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу New York Post жазды.

Кырсык болгон жерге 200дөй өрт өчүрүүчү жана тез жардам кызматкерлери келген. Кырсыктын чоо-жайын тактоо учурунда газ толугу менен өчүрүлгөн.

Айта кетсек, Бронкс шаарында шейшемби күнү да жарылуу болуп, 77 жаштагы кемпир көз жумган.

2021-жылдын декабрь айында Сицилиядагы турак үйдүн газы жарылып, 12 адамдын дайыны чыкпай калган.