Марал Радиосу

Назарбаев: Казакстандын элитасында эч кандай тирешүү жок

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев өлкө элитасында эч кандай тирешүү жоктугун, бул темадагы ушак-айыңдар таптакыр негизсиз экенин видеокайрылуусунда билдирди.

Элбашынын айтымында, Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев толук бийликке ээ.

«Ал — Коопсуздук кеңешинин төрагасы. Жакында президент «Нур Отан» партиясынын төрагалыгына шайланат», — деди Назарбаев.

Экс-президент ошондой эле январь айындагы тополоңдо каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.