Марал Радиосу

Ооганстандагы жер титирөөдөн 26 адам каза тапты

17-январда Ооганстандын батышында болгон жер титирөөдөн кеминде 26 адам набыт болду. Бул тууралуу NDTV басылмасы маалымдады.

Силкинүүнүн очогу Бадгис провинциясынын административдик борбору Калай-Нау шаарынан 40 чакырымдай чыгышта жана Түркмөнстандан 70 чакырым түштүк-чыгышта болуп, күчү 5,3 баллга жеткен.

Жер титирөөдөн 700 имарат, анын ичинде басымдуусу турак үйлөр кыйраган.

Зилзала болгон аймактын басма сөз катчысы Мухаммад Сарвари көз жумган 26 адамдын арасында беш аял жана төрт бала бар экенин билдирди.

Учурда куткаруучулар урандыларды тазалоо иштерин улантышууда. Буга байланыштуу каза тапкандардын саны мындан да көп болушу мүмкүн экени айтылды.