Биз менен байланышыңыз

Физикалык да, психикалык да саламаттыгыңызга жардам бере турган 50 адат

Блог , Ден соолук | 19 Янв 2022 | 4820 | 1

Күнүмдүк адаттар адамдын жашоосунда маанилүү роль ойнойт эмеспи. Алар ден соолугуңузга жана маанайыңызга, жашооңузду өзгөрткөнгө таасир этет. Мунун тескерисинче, бирин-экин жаман адат саламаттыгыңызга терс таасирин тийгизип калышы мүмкүн.

Биз сизди жакшы жакка өзгөртүп, физикалык да, психикалык да саламаттыгыңызга жакшы жардам бере турган 50 адатты сунуштайбыз.

  1. Ар бир күнүңүздү жылмаюу менен баштаңыз;
  2. Таңкы тамактын алдында бир стакан кайнак сууну муздатып ичиңиз;
  3. Эртең менен салкыныраак душка түшүңүз;
  4. Таңкы тамакка же күнүмдүк рационуңузга мөмө-жемиштерди да кошуңуз;
  5. Эртең мененки көнүгүүлөрдү жасап туруңуз;
  6. Ар бир күнгө план койгонду үйрөнүңүз;
  7. Чуркоону адат кылыңыз;
  8. Тамеки, ичимдик өңдүү терс адаттардан арылыңыз;
  9. Позитивдүү ойлонуңуз;
  10. Эсиңизге түшкөн кызыктуу идея, ойлорду жазып коюп туруңуз;
  11. Баскан-турганыңызды түздөңүз;
  12. Күнүнө үч же төрт маал колориялуу тамактаныңыз;
  13. Газдалган суудан, фаст-фуддан этият болуңуз;
  14. Кабат үйдө жашасаңыз, лифт менен эмес, тепкич менен түшүп, чыкканды адат кылыңыз;
  15. Күн сайын таза абада сейилдеңиз;
  16. Бөлмөңүздү күндө тазалап туруңуз;
  17. Жылына бир жолу жалпы медициналык текшерүүдөн өтүп туруңуз;
  18. Жумуштан келгенден кийин жагымдуу музыка угуп же пайдалуу китеп окуп эс алыңыз;
  19. Эртеңки кийе турган кийимиңизди кечинде даярдап жатыңыз;
  20. Уктаар алдында бөлмөңүздү желдетип алыңыз;
  21. Өз убагында уктап көнүңүз;
  22. Өзүңүздү сыйлаңыз;
  23. Күнүмдүк чыгымдарыңызды көзөмөлдөгөндү үйрөнүңүз;
  24. Жумасына бир жолу мончого түшүп туруңуз;
  25. Адамдын жакшы жагын көрө билип, ага мактоо айта жүрүңүз;
  26. Ар бир ишке так болуңуз;
  27. Спорт менен машыгыңыз;
  28. Акыл жөндөмдү (мээни) жатыктырып туруңуз: ыр окуңуз, кроссворд, сканворд чечиңиз, шахмат ойноңуз;
  29. Клавитураны көрбөй туруп тергенди өздөштүрсөңүз, эске тутуу жөндөмүңүздү арттырат;
  30. Чет тилин үйрөнүңүз, күнүнө жок дегенде 10 сөздөн жаттаңыз;
  31. Күн сайын 30 мүнөттөн 2 саатка чейинки убактыңызды китеп окууга бөлүңүз;
  32. Жакындарыңызга кубаныч, жагымдуу маанай тартуулап туруңуз;
  33. Йога же дем алуу көнүгүүлөрүн жасаңыз;
  34. Күндөлүк ачып, ийгиликтериңизди да, кемчиликтериңизди да жаза жүрүңүз;
  35. Көркөм, так, жатык сүйлөгөндү үйрөнүңүз да, лексиконуңуздан орой, сөгүнгөн, мите сөздөрдү, жаргондорду таптакыр жок кылыңыз;
  36. Эсте каларлык ирмемдерди сүрөткө тартып коюңуз;
  37. Көзүңүзгө да гимнастика жасаңыз;
  38. Сүт азыктарын, маселен, өтө майлуу эмес быштак, кошулмасыз, таза йогурт, кефирди күнүмдүк рационго киргизиңиз;
  39. Кара нанга өтүңүз: ак нанга караганда кара нандын пайдасы көбүрөөк;
  40. Үйдө компьютерде 2 сааттан ашык иштебеңиз;
  41. Телефонду туура колдонгонду үйрөнүңүз, керек болбогон учурда өчүрүп койгон деле туура;
  42. Бутуңузга муздак суу куюңуз: бул эң сонун жумшартуу процедурасы.
  43. Жогорку сапаттагы косметиканы гана колдонуңуз.
  44. ​​Үйдөгү бардык керексиз таштандыларды ыргытып салыңыз.
  45. Күн сайын жаңы, кызыктуу нерселерди үйрөнүңүз;
  46. Жаңы ширелерди ичиңиз;
  47. Демалыш күндү пайдалуу өткөрүңүз;
  48. Кез-кезде табият койнунда эс алып туруңуз;
  49. Саякатка, экскурсияга чыгып туруңуз;
  50. Жакшылыкты гана ойлоп, жакшы адамдар менен көбүрөөк баарлашыңыз.

1 пикир

1 пикир

  1. Чолпон

    20.01.2022 21:01

    Абдан туура көрсөтмө,тарбиялыкда эң пайдалуу кеңеш,күнүмдүк жашоодо мааниси чоң.Ден соолукта сергек жашоонун булагы болуп эсептелет бул кеңештер.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM