Күнүмдүк адаттар адамдын жашоосунда маанилүү роль ойнойт эмеспи. Алар ден соолугуңузга жана маанайыңызга, жашооңузду өзгөрткөнгө таасир этет. Мунун тескерисинче, бирин-экин жаман адат саламаттыгыңызга терс таасирин тийгизип калышы мүмкүн.
Биз сизди жакшы жакка өзгөртүп, физикалык да, психикалык да саламаттыгыңызга жакшы жардам бере турган 50 адатты сунуштайбыз.
- Ар бир күнүңүздү жылмаюу менен баштаңыз;
- Таңкы тамактын алдында бир стакан кайнак сууну муздатып ичиңиз;
- Эртең менен салкыныраак душка түшүңүз;
- Таңкы тамакка же күнүмдүк рационуңузга мөмө-жемиштерди да кошуңуз;
- Эртең мененки көнүгүүлөрдү жасап туруңуз;
- Ар бир күнгө план койгонду үйрөнүңүз;
- Чуркоону адат кылыңыз;
- Тамеки, ичимдик өңдүү терс адаттардан арылыңыз;
- Позитивдүү ойлонуңуз;
- Эсиңизге түшкөн кызыктуу идея, ойлорду жазып коюп туруңуз;
- Баскан-турганыңызды түздөңүз;
- Күнүнө үч же төрт маал колориялуу тамактаныңыз;
- Газдалган суудан, фаст-фуддан этият болуңуз;
- Кабат үйдө жашасаңыз, лифт менен эмес, тепкич менен түшүп, чыкканды адат кылыңыз;
- Күн сайын таза абада сейилдеңиз;
- Бөлмөңүздү күндө тазалап туруңуз;
- Жылына бир жолу жалпы медициналык текшерүүдөн өтүп туруңуз;
- Жумуштан келгенден кийин жагымдуу музыка угуп же пайдалуу китеп окуп эс алыңыз;
- Эртеңки кийе турган кийимиңизди кечинде даярдап жатыңыз;
- Уктаар алдында бөлмөңүздү желдетип алыңыз;
- Өз убагында уктап көнүңүз;
- Өзүңүздү сыйлаңыз;
- Күнүмдүк чыгымдарыңызды көзөмөлдөгөндү үйрөнүңүз;
- Жумасына бир жолу мончого түшүп туруңуз;
- Адамдын жакшы жагын көрө билип, ага мактоо айта жүрүңүз;
- Ар бир ишке так болуңуз;
- Спорт менен машыгыңыз;
- Акыл жөндөмдү (мээни) жатыктырып туруңуз: ыр окуңуз, кроссворд, сканворд чечиңиз, шахмат ойноңуз;
- Клавитураны көрбөй туруп тергенди өздөштүрсөңүз, эске тутуу жөндөмүңүздү арттырат;
- Чет тилин үйрөнүңүз, күнүнө жок дегенде 10 сөздөн жаттаңыз;
- Күн сайын 30 мүнөттөн 2 саатка чейинки убактыңызды китеп окууга бөлүңүз;
- Жакындарыңызга кубаныч, жагымдуу маанай тартуулап туруңуз;
- Йога же дем алуу көнүгүүлөрүн жасаңыз;
- Күндөлүк ачып, ийгиликтериңизди да, кемчиликтериңизди да жаза жүрүңүз;
- Көркөм, так, жатык сүйлөгөндү үйрөнүңүз да, лексиконуңуздан орой, сөгүнгөн, мите сөздөрдү, жаргондорду таптакыр жок кылыңыз;
- Эсте каларлык ирмемдерди сүрөткө тартып коюңуз;
- Көзүңүзгө да гимнастика жасаңыз;
- Сүт азыктарын, маселен, өтө майлуу эмес быштак, кошулмасыз, таза йогурт, кефирди күнүмдүк рационго киргизиңиз;
- Кара нанга өтүңүз: ак нанга караганда кара нандын пайдасы көбүрөөк;
- Үйдө компьютерде 2 сааттан ашык иштебеңиз;
- Телефонду туура колдонгонду үйрөнүңүз, керек болбогон учурда өчүрүп койгон деле туура;
- Бутуңузга муздак суу куюңуз: бул эң сонун жумшартуу процедурасы.
- Жогорку сапаттагы косметиканы гана колдонуңуз.
- Үйдөгү бардык керексиз таштандыларды ыргытып салыңыз.
- Күн сайын жаңы, кызыктуу нерселерди үйрөнүңүз;
- Жаңы ширелерди ичиңиз;
- Демалыш күндү пайдалуу өткөрүңүз;
- Кез-кезде табият койнунда эс алып туруңуз;
- Саякатка, экскурсияга чыгып туруңуз;
- Жакшылыкты гана ойлоп, жакшы адамдар менен көбүрөөк баарлашыңыз.