Марал Радиосу

Канада Украинага аскердик отряд жөнөттү

Канаданын атайын даярдыктан өткөн аскердик күчтөрү (спецназ) Украинага жөнөп кетти. Бул тууралуу Global News билдирди.

Басылма маалымдагандай, Канада аскерлери НАТОнун аскер блогу менен Орусия аскерлеринин ортосундагы чыр-чатакты басуу, Украинага каршы агрессияны ооздуктоо милдетин аткарат. Ошондой эле күтүүсүз жагдай жарала турган болсо, Канаданын Украинадагы дипломатиялык өкүчүлүгүнүн кызматкерлерин коопсуз жайга көчүрүүгө жардам берет.

Буга чейин Владимир Зеленский Украинанын коопсуздугун талкуулоо үчүн америкалык сенаторлор менен жолугушкан. Ал өз сөзүндө Киевдин евро-атлантикалык умтулуусун колдоодо жана Вашингтон менен кызматташтыкты терендетүүдө АКШ конгрессинин ролу маанилүү экенин белгилеген.