Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 7 миң 190 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинен 3 миң 605 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 585 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 1 млн 270 миң 517 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 62 миң 86 жаран экинчи компоненти менен эмделди.
Кыргызстанда эмдөө өнөктүгү былтыр март айында башталган.
Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca, Moderna вакциналары менен эмделип жатат.