Марал Радиосу

COVID-19: Акыркы суткада 7 миң 190 адам эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 7 миң 190 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Анын ичинен 3 миң 605 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 585 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 270 миң 517 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 62 миң 86 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Кыргызстанда эмдөө өнөктүгү былтыр март айында башталган.

Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca, Moderna вакциналары менен эмделип жатат.