Марал Радиосу

ФИФА: Роберт Левандовский «жылдын мыкты футболчусу» аталды

Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарып, мыкты оюнчуну, машыктыруучуну жана эң кооз голду аныктады.

Ага ылайык, Польша курама командасынын капитаны жана «Бавария» клубунун чабуулчусу Роберт Левандовский «Жылдын мыкты футболчусу» наамын алды.

Сыйлыктарды тапшыруу аземи 17-январда Швейцариянын Цюрих шаарында өттү.

Айта кетсек, Левандовский уюмдун бул наамын экинчи жылы катары менен алып отурат.