Марал Радиосу

БШК кайра шайлоого төрт талапкерди каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи май округдары боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн арыз тапшырган 32 талапкердин төртөөнү каттады.

Талапкерлердин күбөлүгүн жана шайлоо өнөктүгү учурунда кол тийбестикти Эльвира Сурабалдиева (Биринчи Май району), Нурбек Токтакунов (Биринчи Май району), Улукбек Тургунбаев (Свердлов) жана Бакыт Бакиров (Свердлов) алышкан.

БШК шайлоо округдарынын биринде эки талапкер бирдей добушка ээ болсо, документтерин биринчи тапшырып, каттоодон биринчи өткөн талапкер жеңүүчү болорун эскертет.

27-февралда №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдарында Жогорку Кеңешке депутат шайлоо өтөт.

2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо бул округдарда «баарына каршы» добуш басымдуулук кылып, депутат шайланбай калган. Мыйзам боюнча мындай учурда кайра шайлоо өткөрүлөт.