Марал Радиосу

Ош технологиялык университетине ректор шайланбай калды

Ош технологиялык университетинде ректор шайлоо өттү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ректорлук кызматка ОшТУнун илим жана тышкы байланыштар боюнча проректору Бакытбек Шамшиевдин жана ректордун милдетин аткаруучу Абдимиталип Сатыбалдиевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Шайлоого 439 мугалим катышкан.

Бакытбек Шамшиевге 71, Абдимиталип Сатыбалдиевге 144 добуш берилип, 221 мугалим «баарына каршы» чыккан.

Жыйынтыгында ОшТУнун ректорун шайлоо өткөн жок деп табылган.