Эделбек Кулматов өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Эделбек Кулматов 1982-жылы 25-августта Сузак районунун Михайловка айылында туулган.
Билими: юрист.
Иш тажрыйбасы:
2004–2008-жылдары Жалал-Абад шаардык сотунда сот отурумунун катчысы;
2008–2018-жылдар аралыгында жеке ишканаларда юрист, адвокат кызматтарын аркалаган;
2018–2020-жылдары Сузак районуна караштуу Көкарт айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган;
2020–жылы Президенттин администрациясында эксперт;
2020–2022-жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында директордун орун басары кызматында эмгектенген.
Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.