Марал Радиосу

Ысык-Көлдө эки жигитти бычактап кеткендер колго түштү (видео)

Ысык-Көлдө эки адамды бычактоого шектелип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

5-январь күнү болжол менен кечки саат 20:30 чамасында Балыкчы шаардык милициясына ушул эле шаардын ооруканасына бири 31 жаштагы, бир 32 жаштагы эки жигит бычак жеп түшкөнү кабарланган.

Айтылган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси менен катталган. Атайын тергөө тобунун иликтөөсүнүн негизинде жигиттерди бычактагандар Ысык-Көл облусунун тургундары 30 жаштагы Б.Б. жана 28 жаштагы И.И экени такталган.

16-январь күнү Балыкчы постунан өтүп бараткан унаа токтотулуп, жогорудагы кылмышка шектелип жаткан эки адам колго түшүрүлгөн.

Шектүүлөр Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.