Марал Радиосу

Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде кеңешме өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө жол инфраструктурасын башкаруу тутумун реформалоо жана мамлекеттик органдын үстүбүздөгү жылга карата пландары боюнча сунуштар айтылды.

Кеңешменин жыйынтыгында Транспорт министрлигинин балансында турган жолдорду тейлөөнү жакшыртуу, жол техникасын жаңылоо, үстүбүздөгү жылга долбоорлор боюнча пландалган бардык курулуштарды өз мөөнөтүндө бүткөрүү боюнча тапшырмалар берилди.