Марал Радиосу

Бишкекте бакты сүзгөн айдоочу кырсык болгон жерден кетип калган (видео)

15-январга караган түнү саат 03:00 чамасында Бишкектин Ч.Айтматов проспектисинде Түштүк магистралга жетпей “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү унаа бакты сүзүп алган.

Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, айдоочу кырсык болгон жерден кетип калган. Унаасы айып аянтчасына киргизилди.

Учурда кырсыктын чоо-жайы жана айдоочусунун тек-жайы такталууда. Жүргүнчүлөр тууралуу да маалымат бериле элек.

Жарандык активист Болот Ибрагимов кырсык болгон жерден видео тартып, социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырды.