Марал Радиосу

Алматыдагы тополоңдо каза болгон 4 жашар кыздын үй бүлөсүнө батир берилет

Казакстандын Алматы шаарынын жергиликтүү бийлиги тополоңдо каза болгон төрт жашар кыздын үй бүлөсүнө үч бөлмөлүү батир берет. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Кыз 7-январда тополоңдо унааны аткылоо учурунда мерт кеткен. Ал эми анын 15 жаштагы эжеси жаракат алып, учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. 14-январда аны Алматы шаарынын мэри Бакытжан Сагинтаев барып көрүп,  ата-энесине көңүл айтты.

Расмий маалыматтар боюнча, тополоңдо төрт жашар кыздан тышкары 11 жана 15 жаштагы дагы эки бала каза болгон.