Биз менен байланышыңыз

Талант Мамытов ТүркПАнын башкы катчысын кабыл алды

Кыска кабар | 14 Янв 2022 | 141 | 0

Бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эрди кабыл алды.

Жолугушууда Парламенттик ассамблея алкагында түрк тилдүү өлкөлөрдүн алакасын арттыруу, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо маселеси сүйлөшүлдү.

Төрага Талант Мамытов алгач Мехмет Сүрейя Эрди ТүркПАнын Башкы катчысы болуп дайындалышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылы ТүркПАнын Ассамблея кеңешин жана 11-пленардык отурумун Кыргызстанда өткөрүү мерчемделип жатканын айткан Жогорку Кеңештин төрагасы бул жаатта алгылыктуу даярдыктар көрүлөрүн кошумчалады.

Өз кезегинде Мехмет Сүрейя Эр 2022-жылдагы алгачкы иш сапарын Кыргызстанда баштаганын, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты парламенттер аралык алакалардын алкагында өнүктүрүүнү улантарын белгиледи.

Андан тышкары жолугушууда пландалган иш-чаралар жана коюлган максаттар тууралуу сөз болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM