Марал Радиосу

Бишкекте 29 жаштагы келин үч эм төрөдү

Бишкекте 29 жаштагы келин үч эм төрөдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үч эмдер кесарево жолу менен төрөлгөн.

Репродукция борборунун директору Нургүл Шоонаеванын айтуусунда, учурда келин реанимация бөлүмүндө, абалы туруктуу. Ал эми ымыркайлар балдар бөлүмүндө, абалдары орточо туруктуу.

Наристелердин биринчиси — 2150 гр (уулу), экинчиси — 2250 гр (кыз), үчүнчүсү — 1850 гр (кыз) салмакта төрөлгөн.