Марал Радиосу

Курманов: «Кумтөрдө» иштеген 18 чет өлкөлүк адис жумуштан бошотулду

«Кумтөр» алтын кенинде иштеген 18 чет өлкөлүк адис жумуштан бошотулду. Бул тууралуу «Кумтөр Голд» компаниясынын аткаруучу директору Канат Курманов маалымат жыйында билдирди.

Курмановдун айтымында, иштен алынган 18 адистин маянасы 200 жергиликтүү жумушчу-кызматкердин айлыгына барабар болгон. Атайын чечимге ылайык, алардын ордун жергиликтүү кадрлар менен толуктоо пландалып жатат.

Ал ошондой эле жаш кадрларды акы төлөнүүчү иш тажрыйбадан өткөрүү программасы кайра жанданганын белгиледи.