Биз менен байланышыңыз

Казакстандык режиссёр Айсултан Сеитов митингге чыкканын айтып берди

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Янв 2022 | 454 | 0

Казакстандык клипмейкер жана режиссёр Айсултан Сеитов январдын башында өлкөдө болгон нааразылык акцияларына катышканын Инстаграмдагы баракчасына жазды.

Айсултан Сеитов КМШ өлкөлөрүнүн аткаруучуларына клип тартат. Алардын арасында белгилүү ырчылар Скриптонит, Jah Khalib, Иван Дорн, Трэвис Скотт, Offset, MiyaGi жана башкалар бар.

Айсултан Сейитов мекенине кайтып келүүнү көздөп, коогалаңдан кийин карьерасын Казакстанда улантууну пландоодо.

«2019-жылы шайлоо алдында мени Акордого чакырышкан, ал кезде эмнеге экенин түшүнгөн эмесмин. Кийин менден шайлоо тууралуу пикиримди билдирбөөнү суранышып, дароо эле менин долбоорлорумду колдой турганын айтышты. Мен баш тарттым, анткени өлкөдө өзгөрүү болоруна ишеничим жок эле. 2022-жылы тынчтык митингине катыштым, кимдер менен жанаша жүргөнүмдү көрдүм. Казакстанда мындай активдүүлүк сейрек болот, бирок ошону кайсы бир тараптар пайдаланып кеткенине чын дилимден таарындым. Ошондой эле жакшы жакка өзгөрүүнү эңсеп келген биз тынчтык бузуучулар катары кабыл алынып калганыбызга ызаландым. Мен мекениме кайтам, эгер биздин өкмөт чындап эле өзгөрүүлөрдү кааласа, диалогго барышыбыз керек, биз ага даярбыз. Менин бийликке кызмат кылууга ниетим жок, бирок жалпы аракеттер менен өзгөрүүлөрдү жасай турганыбызга ишенем», — деп жазды режиссер.

2-январда Казакстандын Мангыстау облусунда жергиликтүү тургундар газдын кымбатташына каршы акцияга чыгышкан. Алар суюлтулган газдын бир литри кескин түрдө 60 теңгеден 120 теңгеге чейин кымбаттаганын айтып, аны арзандатууну талап кылышкан.

Нааразычылык акциясы Казакстандын бир катар облустарын камтып, милиция демонстранттарга каршы күч колдонгон.

5-январда Казакстандын өкмөтү отставкага кетип, өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан алынган.

Өлкө бийлиги нааразылык акцияларына чыккандарды террордук күчтөр деп атап, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан аскер киргизүүнү суранган. Учурда бул өлкөдө дээрлик абал тынчып, тартип орногону айтылат. Бул башаламандыктар учурунда Казакстанда жашаган эки кыргызстандык каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM