Марал Радиосу

Токаев Садыр Жапаровдун колдоосуна ыраазычылык билдирди

Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге телефон чалып сүйлөштү.

Анда Токаев Садыр Жапаровго Казакстанда болгон кайгылуу окуяларда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле ЖККУнун тынчтык орнотуучу контингентинин өлкөдөн чыгарыла баштаганы тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчылары кыргыз-казак кызматташууларынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.