Марал Радиосу

Кайсы балбандар эркин күрөш боюнча Өлкө чемпиону болду? (тизме)

Кечээ, 13-январда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугунун биринчи күндүк беттештери өттү.

Анда балбандар 5 салмак категория боюнча килемге чыгышты.

Жыйынтыгында төмөндөгүлөр өлкө чемпиону аталды.

57 кг:

1. Сманбеков Алмаз
2. Алмаз уулу Бекзат
3. Карачов Абдымалик
3. Арстанбек уулу Тунгуч

65 кг:

1. Осмонов Алибек
2. Хаджимурадов Икромжон
3. Камчыбеков Амантур
3. Раимбек уулу Сыймык

74 кг:

1. Орозбеков Исламбек
2. Догдурбек уулу Эламан
3. Мамасали уулу Баянас
3. Такиров Алинур

86 кг:

1. Усупов Саякбай
2. Карыпбаев Нуртилек
3. Станбек уулу Саматбек
3. Маратбаев Адилет

97 кг:

1. Карыбеков Арзуубек
2. Будунов Магомед
3. Мыктыбеков Баяман
3. Адылбек уулу Асан

Мелдешке өлкөнүн бардык облустарынан, ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларынан 128 спортчу катышып жатат.