Марал Радиосу

Ат-Башы: Милиция окуучуларга кышкы экскурсия уюштурду

Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү мектеп окуучуларын саякатка алып чыкты. Бул тууралуу Нарын облустук милициясы кабарлады.

Милиция кызматкерлери райондогу мектеп окуучуларын Кара-Суу айылындагы Таш-Рабат, Кошой-Коргон тарыхый-этнографиялык комплексине жетектеп барышкан. Иш-чара алардын кышкы каникулун көңүлдүү, эсте каларлык өткөрүүсүнө шарт түзүү максатында уюштурулган.

Саякат менен бирге өспүрүмдөргө кылмыш кылбоо, укук бузган жосундарды жасабоо, терс көрүнүштөргө бөгөт коюу сыяктуу маалыматтык сабактар да өтүлгөн.