Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Алия Назарбаева өлкөдөгү массалык нааразылык акцияларынан кийин социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазды.
Ал Назарбаевдин дарегине келип жаткан колдоо үчүн элге ыраазычылык билдирип, мындай катаал сабак мындан ары кайталанбашынан үмүт кылганын жазат.
Казакстанда 2-январда Алматы, Актау, Жаңыөзен шаарларынын тургундары суюлтулган газдын баасын арзандатуу талабы менен нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул тынчтык митинг Казакстандын түштүк аймактарынын баарына жайылып, акыры башаламандыкка, тополоңго айланып кеткен.
Өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кеткен. 11-январда өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев жаңы өкмөттү кураган.