Марал Радиосу

«Алматы» аэропортуна тополоңдон кийинки алгачкы каттам учуп келди

«Алматы» эл аралык аэропортуна башаламандыктан кийинки алгачкы каттам учуп келди. Бул тууралуу Казакстандын Жарандык авиация комитети сайтына жазды.

«Алматы аэропорту ишин кайта баштагандан кийин «Эйр Астана» авиакомпаниясынын Анталья-Алматы багытындагы алгачкы эл аралык каттамы келди», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бүгүн, 13-январда «Эйр Астана» компаниясынын Коломбо-Алматы багытындагы дагы бир учагы келери, Asiana Airlines компаниясынын Алматы-Сеул багытындагы учагы жөнөтүлөрү мерчемделип жатканы айтылды.

Ал эми «Аэрофлот» авиакомпаниясынын Москва-Алматы багытындагы учуулары эртең, 14-январдан тарта кайра жанданарын «РИА Новости» маалымат агенттиги кабарлады.

Алматыга киргизилген өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу аэропорт таңкы 8:00дөн кечки 21:00гө чейин гана иштейт. Ошол эле учурда терминалдардан жүргүнчүлөр гана өтө алат. Коопсуздук жагдайларына байланыштуу узатуучулар, тосуп алуучулар ичкериге киргизилбейт.

Айта кетсек, 2-январда Казакстандын Алматы, Актау, Жаңаөзен шаарларынын тургундары суюлтулган газдын баасын арзандатуу талабы менен нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул тынчтык митинг Казакстандын түштүк аймактарынын баарына жайылып, акыры башаламандыкка, тополоңго айланып кеткен.

5-январда козголоңчулар «Алматы» аэропортун басып алышкан. Буга байланыштуу анда иштеген кызматкерлер чыгарылып, аэропорт ишин убактылуу токтоткон. Имарат ЖККУ аскерлеринин кайтаруусуна алынган.