Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Павлодар, Батыш Казакстан жана Түндүк Казакстан облустарынан өзгөчө абал режимин алып салуу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Tengrinews.kz билдирди.
Жарлык бүгүн, 13-январдан тарта күчүнө кирди. Таңкы 7:00дөн баштап аймактын тургундары баштапкыдай жашоого өттү.
Эске салсак, Казакстанда башаламандыкка байланыштуу 5-январдан 19-январга чейин өзгөчө абал режими киргизилген.
Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын 2-январында башталган.
Президент Касым-Жомарт Токаев өлкөгө өзгөчө абал жарыялап, өкмөттү отставкага кетирип, Коопсуздук кеңешин өзү жетектеп баштаган. Анын өтүнүчү менен ЖККУ өлкөлөрү Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөткөн. Алардын катарында Кыргызстандан «Скорпион» атайын отряды да барган.
ЖККУнун Казакстандагы миссиясы аяктаганы белгилүү. Аскерлерди чыгарып кетүү бүгүн башталат.