Марал Радиосу

Дүйнөдөгү эң улгайган футболчу жаңы келишимге кол койду

Япониядагы «Йокогамы» футбол клубунун чабуулчусу Кадзуёзи Миура профессионалдык келишимин узартты. Бул тууралуу The Japan Times билдирди.

54 жаштагы футболчу «Йокогамы» клубунда 2005-жылдан бери ойноп келет. Эми ал агасы Ясутоси Миура жетектеген «Судзука Пойнт Гетерс» клубу менен бир жылдык келишим түздү.

Кадзуёзи Миура 2020-жылдын 23-сентябрында «Йокогамы» менен «Кавасаки Фронтале» беттешинде 54 мүнөт ойноп, «профессионалдык футбол беттештеринин тарыхындагы эң картаң футболчу» катары катталган.

Кадзуёзи Миуранын спорттук карьерасы 1986-жылы 15 жашында Бразилиянын клубдарында ойноо менен башталган. 1990-жылы Японияга кайтып келген.

Кадзуёзи жалпысынан 682 матчка катышып, 190 гол киргизген.