Марал Радиосу

Акылбек Жапаров чыгашаны кыскартуу маселесин карады

Акылбек Жапаров Финансы министрлигинде жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө финансы-экономикалык сектордогу актуалдуу маселелер, анын ичинде бажы жана салык төлөмдөрүнүн түшүүсү, артыкчылыктуу багыттарды каржылоо, республикалык бюджеттеги чыгашаны кыскартуу маселелери талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди.