Марал Радиосу

Кыргызстанда «омикрон» штаммы катталды

Кыргызстанда коронавирустун «омикрон» штаммы катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова «Маралга» кабарлады.

Анын айтымында, коронавирусту аныктоо үчүн жүргүзүлгөн тестирлөөдө Бишкек жана Чүйдө эки адам «омикрон» штаммын жугузуп алганы аныкталган.

Өлкөдө COVID-19 коронавирустук инфекциясынын төртүнчү толкуну башталганы айтылууда.

Бүгүн, 12-январга карата 465 адам коронавируска чалдыкты.