Марал Радиосу

АИ-95 бензини жыл ичинде 27 сомго кымбаттаган

Жыл ичинде АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 27,2 сомго, же 72,4% га кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистка комитети маалымдады.

Комитеттин маалыматы боюнча, 2021-жылдын 11-январында республика боюнча АИ-95тин бир литри орточо эсеп менен 37,56 сомду түзсө, 2022-жылдын 10-январында анын баасы 64,77 сомду түздү.

Ал эми АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 23,6 сомго, же 64,5 пайызга 35,51 сомдон 59,1 сомго кымбаттаган.

Дизель майы 22,2 сомго, же 61,7 пайызга 36,02 сомдон 58,23 сомго кымбаттаганы маалыматта айтылат.